Экс-депутат Аида Исатбек кызы эмгек министринин орун басары болуп дайындалды

Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Аида Исатбек кызы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары болуп дайындалды. Мекеменин маалымат кызматы тиешелүү тескемеге минкаб башчысы Адылбек Касымалиев кол койгонун билдирди.
Буга чейин бул кызматты Айнура Орозбаева аркалап келген.
31 жаштагы Исатбек кызы буга чейин Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болгон. Ал Чүй облустук университетин "юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган.
Касымалиев Трамптын администрациясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт