БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркеч-Там" өткөрүү постунда өз өмүрүнө кол салган чек арачы көз жумду.
Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, жоокердин өмүрүн сактап калуу үчүн бардык чаралар көрүлгөнүнө карабай, аны аман алып калууга мүмкүн болгон жок.
Эске салсак, келишим боюнча кызмат өтөп жаткан 22 жаштагы чек арачы 7-апрелде өз жанын кыюуга аракет кылган. Ага Алай райондук ооруканасында операция жасалып, абалы оор деп бааланып жаткан.