БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Россия Украина боюнча өзүнүн алдына койгон максаттарына жетүүнү көздөйт. Бул туурасында РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков айтканын РИА Новости жазды. https://ria.ru/20260413/rossija-2086775559.html
"Биз Украина боюнча өзүбүздүн койгон максаттарыбызга жетүү ниетибиз бар", — деди Песков журналисттерге.
Кремлдин өкүлү Киевдин бул жаатта жасайм деп турган нерселерин колдогондо анын кесепети кандай болорун айтты.
"Киев бийлигинин милитаристтик жана согушту жактаган ниетин колдоп-коштоо кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салчу ыкманы табууга көмөкчү болуп бере албайт", — деди Песков.
Кремлдин өкүлү сүйлөшүүлөр максатына жетмейинче атайын операция улана берерин кошумчалады.