БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бишкектеги атайын кабыл алуу жайы талапка жооп бербейт. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.
Омбудсмен Жамиля Жаманбаева Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын атайын кабыл алуу жайына барган. Мониторинг жүргүзгөн 10-апрель күнү ал жакта 56 адам (53 эркек, 3 аял) кармалып турган.
Жарандар санитардык-гигиеналык шарттарга даттанып, ажатканалар тазаланбагандыктан камераларга жагымсыз жыт келип турарын айтышкан. Ошондой эле аларга самын, даарат кагазы берилбегенине нааразы болушкан.
Акыйкатчы атайын кабыл алуу жайынын жетекчисине камераларды өз убагында тазалап, кармалып тургандарды зарыл гигиеналык каражаттар менен камсыз кылууну сунуштады.
"Кармоо шарттарынын жана гигиеналык каражаттардын жоктугу бир гана техникалык кемчилик эмес, Конституцияда жана эл аралык келишимдерде бекитилген адам укуктарынын бузулушуна алып келет" , — деди Жаманбаева.
Ошондой эле акыйкатчы жабык жайларда жарандарды кармоо учурунда аларды кемсинтип же ырайымсыз мамиле кылууга жол берилбей турганын белгиледи. Омбудсмен бул жайларды мындан ары да текшерерин кошумчалады.
Атайын кабыл алуу жайы — административдик укук бузгандар камала турган жай. Адатта бир күндөн 14 суткага чейин камалат. Камакка алынгандарды кармоо жайы санитардык ченемдерге ылайыкталып, кандайдыр бир ооруларды жугузуу тобокелдигин жокко чыгарууга тийиш.
Үстүбүздөгү жылдын 1-январынан бери 2064 адам жазаланган. Алардын басымдуу бөлүгү үй-бүлөлүк зомбулук, майда бейбаштык кылып түшкөндөр жана мас абалында тиешелүү документтери жок унаа башкаргандар.