Курманбек Бакиевдин иниси Ахмат Бакиев Өзбекстанда көз жумду

Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Өзбекстанда качкын президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Ахмат Бакиев каза болгонун редакциянын ишенимдүү адамдары билдирди.
Сөөк бүгүн Жалал-Абадга алып келиниши керек, маркум туулган айылы Масаданда (Тейит) жерге берилет.
Бакиев алты бир тууган экени маалым.
Курманбек Бакиевдин өзү 30 жылга эркинен ажыратылып, Ак үйдүн жанынан элге ок чыгарган деп айыпталган болчу. Учурда качкын президент Беларуста күн кечирүүдө.
"Күчкө салам деген Бакиев менен Атамбаев азыр кайда". Жапаров элди башкаруу тууралуу