4–5-апрель күндөрү Боз-Бөлтөк айылында “Жашыл дем” долбоорунун алкагында 40 миңден ашык көчөт отургузулуп, экологияны коргоого багытталган ири иш-чара болуп өттү. Бул демилге табиятка болгон жоопкерчиликтүү мамиленин , келечекке болгон камкордуктун айкын белгиси десек болот. “Стимул” программасында аталган долбоордун негиздөөчүсү Исражидин Зарипов менен отургузулган көчөттөр, долбоор тарабынан жасалып жаткан иштер, алдыдагы пландары тууралуу маек курдук.