Кутман күн ардактуу угармандар! Эфирде жаңылыктар. Микрофондо Элдияр Асылбеков. Алгач кабарлардан кыскача... Өлкөнүн хоккей командасы дүйнөлүк чемпионатта 2-дивизиондогу ордун сактап калдыАКШ Иранга кайрадан чабуул жасашы мүмкүнБаатыр энелердин балдарына билим берүүдө жеңилдик боюнча сунуш комиететтен өттүЭми кененирээкЖогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында “Баатыр эне” ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүүдө жеңилдиктерди берүү тууралуу токтом долбоору каралып, жактырылды. Демилгечилердин бири, депутат Медер Чотоновдун айтымында токтом долбоорунун максаты "Баатыр эне" ордени менен сыйланган энелердин эмгегин баалоо, социалдык адилеттүүлүктүн конституциялык принциптерин ишке ашыруу жана билим алууга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, ошондой эле үй-бүлөнү, энени жана баланы колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында үй-бүлө институтун чыңдоо жана Кыргызстандын демографиялык өсүүсүнө өбөлгө түзүү максатын көздөйт.
УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Даниэль Рысалиев кармалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ишенимдүү маалымат булактар кабарлады. Кечээ ал суракка чакырылып, андан кийин кармалган. Аны менен кошо УКМКнын башкармалыктарынын биринин мурдагы башчысы Урмат Нарбаев да убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Экөө тең коррупцияга шектелүүдө. Белгилей кетсек, Рысалиев атайын кызматты Камчыбек Ташиев жетектеп турган кезде анын орун басары болгон.
Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы менен 2-дивизионундагы ордун сактап калды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Улуттук хоккей федерациясы билдирди. Бул дивизиондогу дүйнөлүк биринчиликте ата мекендик команда бешинчи орунду ээледи. Акыркы, алтынчы орунду алган тайвандык команда үчүнчү дивизионго түшөт. Белгилей кетсек, Хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын 2-дивизиону 6–12-апрель күндөрү Болгарияда өттү. Кыргызстан курама командасы бул мелдешке биринчи жолу катышты. Буга чейин алар үчүнчү дивизиондо гана ойношкон.
Бишкекте курулуш боюнча Kyrgyz Build 2026 көргөзмөсү болот. Иш-чара 14–16-апрелге пландалган. KyrgyzBuild өндүрүүчүлөрдүн, жеткирип сатуучулардын, архитекторлордун, инженерлердин, мамлекеттик түзүмдөрдүн жана эл аралык компаниялардын өкүлдөрүнүн башын бириктирет. Көргөзмөдө келишимдер, ишкердик байланыштар түзүлмөкчү. Быйыл Кыргызстандын өзүнөн, андан сырткары, Россия, Казакстан, Кытай, Түркия жана Өзбекстандан 126 компания катышууда. Россия Федерациясынын улуттук экспозицияларын Мордова, Омск ж.б аймактары сунуштайт. Көргөзмө 14-апрелде саат 11:00дө Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында ачылып, ошол жерде уланат.
Дональд Трамп Иранга каршы соккуларды кайра жандандыруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. ЗЕ УООЛ СТРИИТ ЖЁРНЭЛ жазгандай, АКШ президенти жана анын командасы тынчтык сүйлөшүүлөрдөгү туңгуюкту чечүү максатында Ормуз кысыгына деңиз блокадасын киргизүүнү көздөйт. Мындан улам жаңы соккуларды жасоону караштырууда. Маалыматка ылайык, 12-апрелде Пакистанда сүйлөшүүлөр өткөн. Андан бир нече сааттан соң, АКШ жетекчилиги ар кандай варианттарды (анын ичинде чабуулду кайра баштоо мүмкүнчүлүгүн) карап чыккан. Ардактуу угармандар бул ушул саатка алынган жаңылыктар болду. Күнүңүз көңүлдүү улансын!