Кыргызстанда 401 миң гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өткөрүлдү. Кандай ыкмалар колдонулат?

Sputnik
Кыргызстанда жайыт маселеси жыл өткөн сайын курчуп, табигый ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгы күч алууда. Өлкөдө 401 миң гектар жайыттын калыбына келтирүү режимине өткөрүлүшү — бул экологиялык тең салмакты сактоо жана жер ресурстарын келечек муундар үчүн коргоо багытындагы маанилүү кадам.
Бирок бул чечим мал чарбачылыгы менен алектенген калкка кандай таасир этет, жайыттарды калыбына келтирүү иштери кандай жүргүзүлөт жана анын жыйынтыгы кандай болот деген суроолор коомчулукта чоң кызыгууну жаратууда.
Биз ушул маселелердин тегерегинде Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын Жайыттарды пайдалануу жана башкаруу башкармалыгын башчысы Шухратбек Султанов менен сүйлөштүк.