АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик операциясы ушул жылдын 28-февралында башталган. Тараптар ошондон бери бири-бирине сокку уруп келүүдө. Тель-Авив Тегеранга өзөктүк куралга ээ болуусуна жол бербей турганын айтып келсе, Вашингтон Иранды аскердик күчүнөн ажыратам деп коркутуп, элин бийликти кулатууга чакырган. Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдан улам дүйнө жүзү, анын ичинде Борбор Азияга таасири, өзгөрүп жаткан кырдаалл боюнча саясат таануу илимдеринин доктору, эксперт Токон Мамытов маек курду.