Өнөрпоздун айтымында, аны атасынын бала көрбөгөн эжеси эки айлыгында эле асырап алган. Ошол Калыйман апасынын колунда эркелеп чоңойгон балалык кезин да эскерип өттү.
Анткен менен куудул 22 жашында өзүнүн апасын издеп барган.
"Ыр жазып, обон чыгарып, чыгармачылыкка жакын болуп калганым төрөгөн апамдан өткөн болушу мүмкүн", — деди ал.
Анткени апасы Жазуучулар союзунун мүчөсү, үч китеби жарык көргөн. Маектешибиз бала чагынан ыр жазып жүрүп, чыгармачылык дүйнөгө эрте киришкен. Бирок бул жолдо мал-мүлк топтоп, бутка туруп кете албаганын да жашырган жок. Куудул буга "өнөрүмдү, өзүмдү баалабаганым себеп болду" дейт.