БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Өлкөнүн аймагында 15-апрелден тарта аба ырайы өзгөрүп, айрым жерлерде жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. Жаан-чачын 19-апрелде токтойт. Бул туурасында Кыргыз гидрометеорология кызматы бир жумага карата тараткан аба ырайынын божомолунда айтылган.
Батыштан соккон шамал секундасына 4-9 метрден кээ бир күндөрү 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй жана Талас облустары
Жуманын башында күн ачык болот. Күндүн көзү шаршембиде бузулуп, 19-апрелге чейин жаан-чачын жаайт. Тоолуу аймактарга кар түшүшү мүмкүн.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары
Бул аймактарда күндүн көзү шейшембиден баштапэле бузула баштайт. Маселен, 14-апрелден тарта тоолуу аймактарда жаан жана кар жаашы мүмкүн. 15-17-апрелдерде жаан-чачын күчөйт, күн күркүрөйт. Анткен менен аба ырайы аптанын соңунда оңолот.
Ысык-Көл жана Нарын облустары
Аталган облустардын айрым жерлеринде апта жаңырганда өткүн өтүп, тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. 15-апрелде күн ачылып, 16-17-апрелде жаан-чачын күчөп, кар жаашы күтүлөт. Анткен менен жекшембиде жамгыр басылып, күн чайыттай ачылат.