Президент Садыр Жапаров жарандарды персонификацияланган эсепке алуу системасына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Жаңы мыйзамга ылайык, персоналдык идентификациялык номер (ПИН) бир жолу гана ыйгарылып, жаранга, чет өлкөлүккө же жарандыгы жок адамга өмүр бою өзгөртүлбөй сакталат. Өзгөчө учурларда гана ПИН өзгөртүлүшү мүмкүн. Алсак: — Министрлер кабинети тарабынан аныкталган шарттарда — Кылмыш процесси боюнча күбөлөрдү жана катышуучуларды коргоо мыйзамдарынын алкагында Мындан тышкары, ПИНди ыйгаруу жана өзгөртүү тартибин эми Министрлер кабинети аныктай турганы мыйзамда так көрсөтүлдү Мыйзам расмий жарыялангандан кийин 3 ай өткөн соң күчүнө кирет. Бул аралыкта Министрлер кабинетине өзүнүн ченемдик актыларын жаңы талаптарга ылайык келтирүү тапшырылды
Минкаб жаңы токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарып, мыйзам актыларын экспертизадан өткөрүүнү күчөтүүнү сунуштады. Жаңы эрежелерге ылайык: — Коррупциялык тобокелдиктер милдеттүү түрдө текшерилет — Адам укуктарына жана гендердик теңдикке таасири бааланат — Түшүнүксүз ыйгарым укуктар жана ашыкча талаптар жоюлат Документтер эми комплекстүү текшерилип, эксперттердин корутундусун эске алуу милдеттүү болот. Мындан тышкары, 2010 жана 2020-жылдагы эски эрежелерди жокко чыгарып, жаңы система толук киргизилери күтүлүүдө.
Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн фасаддары жаңыланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Турак жай коммуналдык ишканасы тарабынан быйыл жалпы 70 үйдүн фасадын актап-сырдоо пландалган. Бүгүнкү күнгө карата 10 көп кабаттуу үйдүн сырткы фасадын жаңылоо иштери жүргүзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 50–60 көп кабаттуу үйдүн сырты жаңыланат.
Көргөзмө кыргыз табиятынан — суу, тоо, булут, гүл сыяктуу элементтерден шыктанган концепцияга негизделди. Коллекция адам, жаратылыш жана үй-бүлө ортосундагы байланышты чагылдырды. Дизайнер Назгүл Каарова сунуштаган топтом 4 бөлүктөн туруп, “Теңиз жүрөк”, “Тоо үнү”, “Гүл бакча” жана “Жер деми” деп аталды. Белгилей кетсек, бренд эл аралык мода аянтчаларында, анын ичинде Милан, Берлин жана Кытайда өз коллекцияларын көрсөтүп келет. Иш-чарага ишкерлер, маданият, Кыргызстандагы башка өлкөлөрдүн дипмиссияларынын өкүлдөрү жана медиа чөйрө катышышты.