Президент мурдаУКМК тарабынан жүргүзүлгөн «кустуризация» фактылары текшерилип жатканын билдирди. Анын айтымында, мыйзамсыз аракеттер аныкталса, күнөөлүүлөр жазаланат.Учурда иштерди Аскер прокуратурасы, укук коргоо органдары жана президенттик администрация карап жатат.Мамлекетке мыйзамдуу өткөрүлгөн мүлк кайра кайтарылбайт. Ошондой эле Улуттук коопсуздук комитетинин ичинде “тазалануу” жүрүп, коррупцияга аралашкандарга жеңилдик болбой турганы белгиленди.
Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында балбандар Нурзат Нуртаева менен Гүлнур Таштанбекова 3-орунду ээлеп, коло медалга татышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. Маалыматта белгиленгендей, балбан Нурзат Нуртаева 72 кг чейинки салмакта күч сынашып, чейрек финалда Кореянын өкүлү Субин Кимди 10:0 эсебинде ишенимдүү жеңген. Жарым финалдык баскычта кытайлык Жиа Лонгго 0:11 эсебинде утулуп калган. Коло медаль үчүн күрөштө монголиялык Эрдене Очирди 2:0 эсебинде жеңип алды. Ал эми спортчу Гүлнур Таштанбекова 65 кг чейинки салмакта күч сынашып, алгачкы беттешинде Кытайдын өкүлү Лилиге 10:0 эсебинде утулуп калган. Кийинки жубатуучу беттеште иорданиялык балбанды 10:0 ири эсебинде жеңген. Коло байге үчүн күрөштө өзбекстандык Фируза Эсенбаеваны 4:2 эсебинде утуп, коло медалдын ээси болду.
Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо маселелерин талкуулашты. Соода жүгүртүү 2025-жылы 5 млрд долларга жеткени белгиленип, өнөр жай, логистика жана инфраструктура тармактарында биргелешкен долбоорлор ийгиликтүү ишке ашып жатканы айтылды. Лидерлер ири аймактык долбоорлорго өзгөчө көңүл буруп, Камбарата ГЭСинин курулушун тездетүү жана «жашыл» энергияны экспорттоо маселелерин карашты. Ошондой эле транспорттук байланыштарды өнүктүрүү, чек ара инфратүзүмүн жакшыртуу жана жаңы логистикалык коридорлорду түзүү боюнча макулдашуулар болду. Тараптар суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана экологиялык долбоорлорду ишке ашыруу маанилүү экенин белгилешти. Мындан тышкары, инновация, санариптештирүү, космос технологиялары жана стартаптарды колдоо боюнча кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу да сүйлөшүүлөр жүрдү.
Вашингтон менен Тегеран алардын мамилеси боюнча Пакистандагы сүйлөшүүдө толугу менен кепке келе алган жок. Бул туурасында РИА Новости жазды. АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс алардын делегациясы Иран менен бир пикирге келе албай өлкөсүнө кайтып баратканын билдирди. "Исламабаддагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында келишим түзө албай, АКШга кайтып жатабыз", — деп билдирген журналисттерге. Саясатчынын айтымында, Кошмо Штаттар өзүнүн маанилүү чектерин жана кайсы маселелерде мунасага келсе болорун белгилеген. Ошону менен бирге Вашингтондун сунушу акыркысы жана эң ыңгайлуусу болчу деген. "Буга карабастан Иран сунушталган демилгелерге макул болгон жок", — деп кошумчалады ал. Вице-президенттин пикиринде, келишимдин жоктугу Вашингтонго караганда Тегеран үчүн жаманыраак болот.