Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Ысык-Көлдөн 1200 метрге жеткен эски торлор чыгарылдыАзия чемпионатында Балбан Жакшылык Байташов коло медаль жеңдиБыйыл Ош облусунун бюджети 9,6 млрд сомду түзөт – президент2026-жылы Ош облусунун бюджети 9,6 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Өлкө башчысы белгилегендей, өткөн жылы Ош облусунун бюджети 7,3 млрд сом деп белгиленген болсо, жыл соңуна чейин республикалык бюджеттен дагы 6,7 млрд сомго жакын каражат кошумча берилген. “2026-жылы облустун бюджети 9,6 млрд сомду түзөт, ошол эле учурда Ош шаарын жана жалпы аймакты өнүктүрүүгө кошумча каржылоо каралган. “Капиталдык салымдар” боюнча өткөн жылы облуска 8,5 млрд сом бөлүнүп, бул каражатка мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо, маданият, спорт, ичүүчү суу, ирригация жана башка объектилер курулган”, - деди мамлекет башчысы. Ошондой эле президент быйылкы жылы бул максаттарга 1,7 млрд сом каралганын, дагы кошумча каржылоо пландаштырылып жатканын айтты.
Ысык-Көлдү эски торлордон жана таштандылардан тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 11-апрелде министрликтин кызматкерлери көлдөн жалпы узундугу 1200 метрге жеткен эски торчолорду алып чыгышты. Мекемеден белгилешкендей, былтыр жалпы узундугу 30 миң 600 метрди түзгөн 306 синтетикалык тор алынган. Ысык-Көлдүн уникалдуу экосистемасын коргоого ар бир кыргызстандык салым кошуп, браконьерликке жана мыйзамсыз балык уулоого каршы турушу зарыл. Жаратылышты коргоо жана ага аяр мамиле кылуу ар бир жарандын милдети.
Бүгүн, 12-апрелде Бишкекте Groove Republic: LDDLM Edition аттуу эл аралык хип-хоп фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият. маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара министрликтин колдоосу менен эл аралык Groove Republic уюму тарабынан уюштурулууда. Фестиваль маданий алмашууну өнүктүрүү, чыгармачыл жаштарды колдоо жана эл аралык кесиптик байланыштарды чыңдоого багытталган. Иш-чарага Франция, Швейцария жана Испаниядан келген белгилүү хореографтар, ошондой эле Кыргызстан жана башка өлкөлөрдүн бийчилери катышат. Фестиваль "Технопарк" соода борборунда өтөт.
Кыргызстандык балбан Жакшылык Байташов Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча мелдеште коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, спортчу 79 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып, алгачкы беттешинде индиялык Сандип Сингх Маннуга 0:7 эсебинде жеңилген. Бирок атаандашы финалга чыккандыгына байланыштуу көңүл жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алган. Анда иорданиялык Эрзо Исаковду 6:2 эсебинде жеңип, коло байге үчүн мелдешке чыкты. Беттеште тажикстандык Самонждон Икромовду 6:0 эсебинде жеңип, үчүнчү орунга ээ болду.