Айсулуу Тыныбекова спортко кайтып, Олимпиадага катышарын айттыКосмонавтика күнүндө Бишкекте Россиянын фильми акысыз көрсөтүлөт"Кайрымдуулуктун салтанаты". Жапаров кыргызстандыктарды Пасха менен куттуктадыПрезидент Садыр Жапаров православ динин туткан кыргызстандык жарандарды Пасха менен куттуктады. "Бул жаркын христиан майрамы жашоонун, ишенимдин, жакшылыктын жана кайрымдуулуктун салтанатын билдирет. Ал өзүнө терең руханий баалуулуктарды камтып, адамдарды жаратмандыкка шыктандырат, тынчтыкка жана биримдикке болгон үмүттү, умтулууну бекемдейт", — деген мамлекеттин башчысы.
Өткөн жылы Ош облусун өнүктүрүүгө өлкөнүн Турукташтыруу фондунан 13 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. Мамлекет башчысы белгилегендей, ал каражаттар Ош шаарын жана Ош облусун өнүктүрүүгө, облустар ортосундагы автожолдорду реконстукциялоо жана куруу боюнча инфратүзүмдүк долбоорлорго багытталган. Ошондой эле президент үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында фонддон 200 млн сом бөлүнүп, кошумча жаңы долбоорлорду каржылоо пландаштырылууда. “Азыркы мезгилде Ош облусу боюнча инфратүзүм, суу менен камсыз кылуу, саламаттык сактоо, экологияны коргоо, транспорт жана аймактарды өнүктүрүү секторлорунда 52 млрд сомдук 20 инвестициялык долбоор ишке ашырылууда. Булардын бардыгы эл аралык донорлор менен каржы институттарынын инвестиция бөлүүгө кызыкдар экендигин, долбоорлорду ишке ашырууда туруктуу динамика бар экенин айкындайт”, - деди президент.
Улуттук банктын алтын-валюта резервдери эки айдын ичинде 1,5 миллиард долларга азайды. Динамикасы: январдын аягында — 10 млрд 177,2 млн доллар (рекорд); февралдын аягында — 9,6 млрд доллардан ашык; марттын аягында — дээрлик 8,7 млрд доллар. Бул мезгилде дүйнөлүк рынокто алтындын баасы төмөндөп кеткен. Ошондой эле Улуттук банк валюта рыногунда стабилдүүлүктү сактоо максатында 591,4 млн доллар саткан.
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде спортко кайтып, Олимпиада оюндарына катышарын айтты. "2028-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына катышам. Ошондуктан мен спортко кайтам”, - деди спортчу. Жайкы Олимпиада оюндары АКШнын Лос-Анжелес шаарында 2028-жылдын 14-30-июль күндөрү өтөт. Балбан Айсулуу Тыныбекова - Азиянын алты жолку чемпиону, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси, 2021-жылы Токиодо өткөн Олимпиаданын күмүш медалынын ээси, 2024-жылдагы Париждеги Олимпиаданын коло байгесинин ээси, эмгек сиңирген спорт чебери.
Космонавтика күнүндө, саат 15:00дө Бишкектеги "Ала-Тоо" кинотеатрында Россиянын драма жанрындагы "Вызов" кинофильми көрсөтүлөт. Тасманын сюжети боюнча хирург Женя Беляева эл аралык космостук станцияга барып, тартылуу күчү сезилбей калган шартта космонавт-бейтапка операция жасоо үчүн бир ай даярданат. Кинофильмди көрсөтүү КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Кинематография департаменти менен Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосунда уюштурулууда. Кирүү акысыз.