Баткен облусунда айыл чарбасын каттоо аяктады. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, 20-марттан 10-апрелге чейин облус аймагында айыл чарбасын каттоо өнөктүгү жүрдү. Жалпы облус боюнча 10-апрелге карата 155 740 субъект катталып, 100,9%ды түздү. Каттоо өнөктүгүнүн алкагында мамлекеттик жана жамааттык чарбалар, дыйкан, фермердик чарба, айыл чарба өндүрүшү менен алектенген жеке ишкерлердин жана калктын жеке көмөкчү чарбалары айыл чарбалык каттоого алынды.
Бишкектеги Жал кичи районун Чыңгыз Айтматов проспекти менен бириктирген жол салуу пландалууда. Калаа мэриясынан кабарлагандай, жаңы жол Жалдагы Миңжылкыев көчөсүн улай Кыргыз-Түрк "Манас" университетин аралап өтмөкчү. Узундугу 1,3 чакырымды түзүп, эки тилкелүү болот. Студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында жер алдында өтмөктөрдү куруу каралган. Ошондой эле Дүйшеев көчөсү Айтматов проспектинен Байтик баатыр көчөсүнө чейин төрт тилкелүү болуп уланып, жалпы узундугу 1,1 чакырымды түзөт.
Кыргызстан менен Азербайжандын Достук паркында 100 түп кайың көчөтү отургузулду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, былтыр көчөттөрдүн 86%ы жакшы тамыр алып кеткен. Ал эми 14%ы куурап калган. Бул алардын жакшы өсүп кетүү көрсөткүчтөрүн көрсөтөт. Мэр Айбек Жунушалиев белгилегендей, шаардык питомникте учурда 93 миңге жакын көчөт бар. Жаз башталгандан бери борбор калаада 9 миңден ашык дарак отургузулду. Мэрия быйыл шаар боюнча 20 миңден ашык дарак отургузууну пландаштырууда.
Кыргызстан жашылча-жемиштин айрым түрүн импорттоодо ЕЭКтен жеңилдик алды. ЕЭК кеңеши ЕАЭБ өлкөлөрүндө чекене соода үчүн айрым жашылчаларды импорттоого бажы төлөмдөрүнөн бошотуу түрүндө тарифтик жеңилдик берди. Анын алкагында Кыргызстанга картошка — 50 миң тоннага чейин; капуста жана брокколи — 500 тоннага чейин; бадыраң — 400 тоннага чейин; баклажан — 200 тоннага чейин; калемпир — 2 миң тоннага чейин,помидор — 5 миң тоннага чейин көлөмдө жеңилдиктер каралды.
14-апрелде Бишкектин бир катар райондорунда ичүүчү суу берүү токтотулат. Калаа мэриясы "Гагарин", "Юго-Западный" суу топтомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштери жүргүзүлөрүн маалымдады. Чектөө саат 09:00дөн 24:00гө чейин киргизилет. Таза суу өчө турган аймактар: Жумушчулар шаарчасы (Рабочий городок); Ак-Өргө конушу; Ак-Ордо конушу (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы); Теңир-Тоо конушу (Ахунбаев көчөсүнөн төмөн жагы); Дыйканчылык институту. Шаардагы Бакаев, Алтымышев, Гагарин, Алыкулов, Ахунбаев, 7-Апрель өңдүү бир катар ири көчөлөрдүн айрым бөлүктөрүндө суу болбойт.
Иран менен келишим түзүлгөн шартта Ормуз кысыгы дароо ачылат. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп журналисттерге билдирген. Ал белгилегендей, Иран менен түзүлө турган жакшы келишимдин негизги жана биринчи шарты — анын өзөктүк куралдан толук баш тартышы. Анткен менен Тегеран мындай куралга ээ болууга умтулбай турганын айтып келет. Иран