Улуттук банктын алтын-валюта резервдери акыркы эки айда олуттуу кыскарды

Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Улуттук банктын алтын-валюта резервдери эки айдын ичинде 1,5 миллиард долларга азайды.
Динамикасы:
январдын аягында — 10 млрд 177,2 млн доллар (рекорд);
февралдын аягында — 9,6 млрд доллардан ашык;
марттын аягында — дээрлик 8,7 млрд доллар.
Бул мезгилде дүйнөлүк рынокто алтындын баасы төмөндөп кеткен. Ошондой эле Улуттук банк валюта рыногунда стабилдүүлүктү сактоо максатында 591,4 млн доллар саткан.
"Кыргыз алтын" үч жылда 1 млрд. долларлык долбоорду ишке ашырууну пландоодо