БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Январь айында өлкөгө 14 775 даана автоунаа импорттолгон. Бул көрсөткүч өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 42 пайызга көп экенин Улуттук статистика комитети маалымдады.
Мекеменин маалыматына ылайык, 6,9 миң даана автоунаа Кытайдан, 5,5 миң Түштүк Кореядан кирген. Ал эми АКШдан 700 автоунаа ташылган.
ИИМ легалдаштырылбаган унаалардын ээлерин 1-майга чейин аларды өлкөдөн чыгарып кетүүгө же тетикке сатып жиберүүгө милдеттендирүүнү сунуштап жатат. Эгер бул талап аткарылбаса, унаалар утилизацияланат.
Президенттин жарлыгынын долбоорунда мындай унааларды сыртка чыгарып кетүүгө шарт түзүү, айып короолордо сактоо баасын эки эсе төмөндөтүү (суткасына 50 сом) каралууда. Бирок автонун ээси белгиленген мөөнөттө унаасы боюнча маселени чечиши кажет.