БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кыргызстандык фермерлер арашан койлорун экспорттоого уруксат берүүнү сурашууда. Буга байланышкан долбоорду Айыл чарба министрлиги коомдук талкууга койду.
Эске салсак, ушул жылдын 9-мартында Кыргызстан чет өлкөлөргө мал экспортун убактылуу токтоткон. Мындай чечим эттин кымбатташын алдын алуу үчүн кабыл алынган. Документке ылайык, чектөө алты айлык убакытка киргизилген. Ал бодо малга, жылкыга жана кой-эчкиге колдонулган.
Айыл чарба министрлигине кой баккан фермерлердин биримдиги кайрылып, арашан тукумундагы койлорго чет элдиктерден суроо-талап көп экенин белгилешип, бул тукумдагы койго тыюуну алып салууну өтүнүшкөн.
Министрлик мындай тукумдагы койлордун баасы кымбат болгондуктан эт өндүрүү багытында каралбай турганын, аны экспорттоо ички рыноктогу кой этинин баасына анчейин таасир бербестигин билдирүүдө. Коомдук талкуу 25-апрелге чейин уланат.