БИШКЕК, 11-апр. – Sputnik. Эртең, Космонавтика күнүндө, саат 15:00дө Бишкектеги "Ала-Тоо" кинотеатрында Россиянын драма жанрындагы "Вызов" кинофильми көрсөтүлөт.
Тасманын сюжети боюнча хирург Женя Беляева эл аралык космостук станцияга барып, тартылуу күчү сезилбей калган шартта космонавт-бейтапка операция жасоо үчүн бир ай даярданат.
Кинофильмди көрсөтүү КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Кинематография департаменти менен Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосунда уюштурулууда. Кирүү акысыз.