БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. АКШ Иран менен сүйлөшүүлөрдүн алдында Жакынкы Чыгыштагы аскердик күчтөрүн көбөйтүп жатат. Бул тууралуу The Wall Street Journal жазды.
Маалыматка ылайык, ал аймакка аскердик учактар жөнөтүлгөн, жакынкы убакытта элиталык деп саналган 82-аба-десанттык дивизиядан 1500-2000дей аскерлер келиши мүмкүн. Андан тышкары, миң чакты деңиз аскерлеринин да келери жазылган.
Дональд Трамп бүгүн Тегеран менен өтө турган сүйлөшүүлөрдүн алдында Вашингтон менен Тегеран тынчтыкка келүү боюнча макулдаша алышпаса, анда АКШ Иранга кайрадан сокку уруп баштай турганын билдирди.