12-апрелге карата аба ырайы

12-апрель түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Жекшемби күнү Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +19…+24, Талас жергесинде +18...+23, Ысык-Көлдө +13...+18, Нарын өрөөнүндө +14...+19 градус жылуу болот.
Ошто өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +22…+24, Ошто +21…+23 градуска жетет.
14-апрелде Бишкектин бир катар райондорунда суу болбойт. Карта