Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Германиянын мамлекеттик министри – тышкы иштер министринин орун басары Гюнтер Крихбаум менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, анда тараптар кыргыз-герман кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Саясий диалогду өнүктүрүү, жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги өз ара аракеттенүү маселелери каралды. Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле Кыргызстан менен Европа бирлигинин ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланды. Тараптар кыргыз-герман кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө жана артыкчылыктуу багыттар боюнча практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.
Кыргызстан менен Азербайжандын Достук паркында 100 түп кайың көчөтү отургузулду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, былтыр көчөттөрдүн 86%ы жакшы тамыр алып кеткен. Ал эми 14%ы куурап калган. Бул алардын жакшы өсүп кетүү көрсөткүчтөрүн көрсөтөт. Мэр Айбек Жунушалиев белгилегендей, шаардык питомникте учурда 93 миңге жакын көчөт бар. Жаз башталгандан бери борбор калаада 9 миңден ашык дарак отургузулду. Мэрия быйыл шаар боюнча 20 миңден ашык дарак отургузууну пландаштырууда.
Январь айында өлкөгө 14 775 даана автоунаа импорттолгон. Бул көрсөткүч өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 42 пайызга көп экенин Улуттук статистика комитети маалымдады. Мекеменин маалыматына ылайык, 6,9 миң даана автоунаа Кытайдан, 5,5 миң Түштүк Кореядан кирген. Ал эми АКШдан 700 автоунаа ташылган. ИИМ легалдаштырылбаган унаалардын ээлерин 1-майга чейин аларды өлкөдөн чыгарып кетүүгө же тетикке сатып жиберүүгө милдеттендирүүнү сунуштап жатат. Эгер бул талап аткарылбаса, унаалар утилизацияланат. Президенттин жарлыгынын долбоорунда мындай унааларды сыртка чыгарып кетүүгө шарт түзүү, айып короолордо сактоо баасын эки эсеге төмөндөтүү (суткасына 50 сом) каралууда. Бирок автонун ээси белгиленген мөөнөттө унаасы боюнча маселени чечиши кажет.
Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында бүгүн эркин күрөш боюнча мелдештерде кыргызстандык балбандар Орозбек Токтомамбетов (74кг чейин) менен Яков Чаплин (92 кг чейин) жарым финалга жолдомо алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, спортчу Орозбек Токтомамбетов беттешти чейрек финалдык баскычта Индиянын өкүлү Жайдипди 2:0 эсебинде жеңди. Эми жарым финалда япониялык Ёсиносукэ Аояги менен күч сынашат. Балбан Яков Чаплин чейрек финалда тажикстандык Исмаил Картоев менен беттешип, 2:2 эсебинде акыркы аракети үчүн жеңишке жетти. Жарым финалда ал бахрейндик Магомед Шарипов менен кез келет. Жарым финалдык беттештер 16:45те башталат.
АКШ Иран менен сүйлөшүүлөрдүн алдында Жакынкы Чыгыштагы аскердик күчтөрүн көбөйтүп жатат. Бул тууралуу The Wall Street Journal жазды. Маалыматка ылайык, ал аймакка аскердик учактар жөнөтүлгөн, жакынкы убакытта элиталык деп саналган 82-аба-десанттык дивизиядан 1500-2000дей аскерлер келиши мүмкүн. Андан тышкары, миң чакты деңиз аскерлеринин да келери жазылган. Дональд Трамп бүгүн Тегеран менен өтө турган сүйлөшүүлөрдүн алдында Вашингтон менен Тегеран тынчтыкка келүү боюнча макулдаша алышпаса, анда АКШ Иранга кайрадан сокку уруп баштай турганын билдирди.