"Алдыда Одесса!" ураанынын таасири өзгөчө эле, жоокерлер белине чейин баткакка батып, көкүрөккө жеткен музду жиреген согуш болду", — деп жазган маршал Василий Чуйков мемуарларында.
Шаарды бошоткону үчүн советтик жоокерлер медалдар, төш белгилер менен сыйланган. Алардын бири легендарлуу, Аба-десанттык күчтөрүнүн жетекчиси Василий Маргелов эле. Согуштук операциясынын жүрүшүндө ал 49-гвардиялык аткычтар дивизиясын башкарган. Одесса үчүн согушка Маргеловдун 12 жаштагы уулу Геннадий (кийин генерал-майор) да катышкан. Тестиер айтпай согушка качып кетип, атасынын дивизиясына туш болгон.
Одесса бошотулгандан кийин дивизия башчысы Маргелов уулун "көрсөткөн каармандыгы" үчүн жазалап, үч күн камакка алган. Андан кийин Тамбовдогу Суворов училищесине жиберген. Кийин ал атасынын жолун жолдоп, аскер адамы болуп, генералдыкка чейин жеткен.