БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Иран Ормуз кысыгынан өткөн танкерлерден төлөм албашы керек деп эсептейт. Бул туурасында ал социалдык тармакка жазды.
"Иран танкерлерден акы алып жатканы боюнча маалымат бар. Муну жасабай койгону оң, эгер жасаса токтоткону жакшы", — деген Трамп.
8-апрелге караган түнү тараптар атышууну эки жумага токтотууну макулдашкан. Болочок келишимдин негизинде Иран сунуштаган 10 пунктудан турган план алынышы мүмкүн, ал планды АКШ да жактырганы айтылууда. Анын ичинде башка нерселер менен катар Ирандан санкцияларды алып салуу, Ормуз кысыгына көзөмөлдү бекемдөө, уранды байытууга укук берүү, ошондой эле бардык фронттордо, анын ичинде Израилдин "Хезболлага" каршы кол салбоо жана согуш аракеттерин токтотуу каралган.
Кийинчерээк Ирандын ТИМ башчысы Аббас Аракчи Ормуздун ачылганын кабарлаган.
Financial Times басылмасынын маалыматы боюнча, Тегеран мунай ташуучу танкерлерге кысык аркылуу өтүүгө уруксат берүүгө макул болду, бирок ар бир баррель мунай үчүн 1 доллар төлөнүшү керек деген. Трамп АКШ Иранга мындай мүмкүнчүлүк бергенче "акыны өзүбүз эле алабыз" деп эскертти. Анын администрациясы бул идеяны сүйлөшүүлөрдө талкуулайбыз деп турушат.