БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов советтик жана россиялык инженерлердин, окумуштуулардын жана космонавттардын адамзаттын космоско чыгышына өбөлгө түзгөн зор эмгегин жогору баалады.
Ал адамдын космоско биринчи учушунун 65 жылдыгына арналган Кыргыз-Россия Славян университетиндеги иш-чарада сүйлөдү. Вакунов 1961-жылдын 12-апрелинде Юрий Гагарин "Восток" кемеси менен 108 мүнөткө созулган тарыхый учуусун ишке ашырганын эске салды.
"Дал ошол мүнөттөрдө космос тармагынын кийинки ондогон жылдарга өнүгүү багыты аныкталган", — деп белгиледи ал.
Элчи Космостук изилдөөлөр институтунун Атайын конструктордук бюросунун ардагерлерине өзүнчө ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, советтик жана россиялык спутниктердин дээрлик бардыгы алардын иштеп чыгуулары менен жабдылган.
Ошондой эле Вакунов Кыргызстан менен Россиянын Баатыры Салижан Шариповду куттуктады. Ал окуучу кезиндеги космоско учуу кыялын ишке ашырган. Жалпысынан ал космосто 200 суткадан ашык убакыт өткөргөн.