Путин Пасханын урматына карата убактылуу элдешүү жарыялады

Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. РФ лидери Владимир Путин Пасханын урматына коргонуу министри Андрей Белоусов менен Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовго атайын операциянын бардык багытындагы согушту токтотууга буйрук берди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Жакында болчу православдардын Пасхасына байланыштуу 11-апрель саат 16:00дөн 12-апрелдин аягына чейин элдешүү жарыяланмакчы", — деп Кремлден билдиришти.
Москва Киев дагы өзүндөй кадам таштайт деген ишенимде. Ошол эле учурда аскерлерге каршы тараптан болуп кетиши ыктымал чагымдарды токтотууга даяр болуу тапшырылды.
Буга чейин Владимир Зеленский АКШ менен Ирандын ортосундагы согушту токтотуунун алкагында Россияга тынчтык келишими боюнча кайрылган.
"Украина бул сыяктуу кадамдарга даяр экенин бир нече ирет билдирген. Быйыл Пасха майрамынын учурунда ок атууну токтотууну сунуштаганбыз жана ошого жараша иш кылабыз", — деп Зеленский Telegram каналына жазган.
Кремлден анын жоопкерчиликти өзүнө алып, убактылуу элдешүү эмес, тынчтык келишимин түзүшү керектигин билдиришти.
Өткөн жылы да Россия Пасха майрамына карата кармашууну токтотууну жарыялап, аны Киев бийлигинин башчысы кабыл алгандай болгон. Бирок ал мөөнөт аяктагандан кийин Коргонуу министрлиги Украина тараптан 4900дөн ашык чектен чыгуу болгонун кабарлаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТО баш катчысы: Зеленский Путин менен келишим түзүү ниетин билдирди