Окуучулар Кыргызстандын биринчи космонавты Салижан Шарипов менен жолукту

Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Борбордогу №25 мектепте Юрий Гагариндин бюстуна гүл коюу аземине Кыргызстандын биринчи космонавты Салижан Шарипов жана Россиянын элчиси Сергей Вакунов катышты.
Шарипов окуучуларга космоско учуулар жана Кыргызстандын космонавтикасынын өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу айтып берди. Ошондой эле аларды келе жаткан Космонавтика күнү менен куттуктады.
"Араңардан келечекте космосту багындырган адамдар чыгарына ишенем", — деди ал.
Вакунов адамзаттын космоско алгачкы учуусун эске салып, мугалимдердин ролун өзгөчө белгиледи.
"Чоң жол дал мектептен башталат. Мугалимдердин эмгегин унутпоо маанилүү — дал ошолор келечектеги инженерлерди, изилдөөчүлөрдү жана космонавттарды тарбиялайт", — деди ал.
Вакунов: советтик жана россиялык адистердин аркасында адамзат космоско чыкты