БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды.
Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, кырсык 9-апрелде саат 22:00 чамасында Кант шаарынын тушунда болгон.
Lexus жүк ташуучу HOWO унаасы менен кагышкан. Эки унаа тең чыгышты көздөй бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен бир адам каза таап, дагы экөө жаракат алып, ооруканага жаткырылган.