БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстан жашылча-жемиштин айрым түрүн импорттоодо ЕЭКтен жеңилдик алды.
ЕЭК кеңеши ЕАЭБ өлкөлөрүндө чекене соода үчүн айрым жашылчаларды импорттоого бажы төлөмдөрүнөн бошотуу түрүндө тарифтик жеңилдик берди.
Анын алкагында Кыргызстанга төмөнкү көлөмдө жеңилдиктер каралды:
картошка — 50 миң тоннага чейин;
капуста жана брокколи — 500 тоннага чейин;
бадыраң — 400 тоннага чейин;
баклажан — 200 тоннага чейин;
калемпир — 2 миң тоннага чейин (2026-жылдын 30-июнуна чейин);
помидор — 5 миң тоннага чейин (2026-жылдын 31-майына чейин).