БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Ирандын руханий лидери Можтаба Хаменеи Тегеран согуш учурунда АКШ Иранга келтирген зыяндын ордун толтуртуп ала тургандыктарын айткан. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Кенемте талап кылабыз жана шейит кеткен кандаштарыбыз үчүн кун алабыз", — деп Хаменеи элине жасаган кайрылуусунда айткан.
Ал мурунку руханий лидер Али Хаменеинин жана курман болгон башка жарандардын кунун кууп, чечкиндүү түрдө өч алышарын баса белгилеген. Мындан сырткары, Тегеран Ормузду көзөмөлдөөнү уланта тургандыгын кошумчалаган.
"Ормуз кысыгын башкарууну сөзсүз жаңы деңгээлге чыгарабыз", — деген Можтаба Хаменеи.
АКШ менен сүйлөшүүлөрдө Тегеран согуш чыгарууга умтулбастыгын, бирок өзүнүн укуктарынан баш тартпастыгын баса белгилеген.
Ак үйдүн кожоюну Дональд Трамп 8-апрелге караган түнү Иран менен ок атышууну эки жумага токтотууну макулдашканын жар салган. Ирандын ТИМ башчысы Аббас Аракчи Ормуздун ачылгандыгын айткан.