Президент альпинист Эдуард Кубатовду кызматка дайындады

Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Альпинист Эдуард Кубатов Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
54 жаштагы Кубатов 2021-жылы Жер шарынын эң бийик чокусу Эверестти, былтыр дүйнөдөгү эң татаал делген К2 чокусун кычкылтек жабдуусун колдонбой багындырган. Ал буга чейин Альпинизм федерациясын жетектеп келген.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын март айынын аягында өлкө башчы Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде жаңы мамлекеттик орган — Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик түптөлгөн. Бул агенттик мурдагы Туризм департаментинин негизинде түзүлгөн.
Медициналык туризм өнүгөт. Караколдо 150 млн. долларга борбор курулууда