БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында изделип жаткан 17 жаштагы Санжар Нурлановдун сөөгү табылды. Бул тууралуу Свердлов райондук ИИБ билдирди.
Ал 4-апрелде үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Апасы арыз менен кайрылгандан кийин милиция 6-апрелде издөө иштерин баштаган.
10-апрелде анын сөөгү табылды. Алдын ала кароодо денесинен жаракаттар аныкталган эмес. Өлүмдүн себеби такталат.
Буга чейин социалдык тармактарда Санжарды издөө тууралуу жарыялар кеңири бөлүшүлгөн. Апасы видеокайрылуу жасап, кайда жүрбөсүн, үйүнө кайтып келүүсүн суранган.