БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. 14-апрелде Бишкектин бир катар райондорунда ичүүчү суу берүү токтотулат.
Суу өчүрүлө турган аймак
© Фото / Пресс-служба мэрии города Бишкек
Калаа мэриясы "Гагарин", "Юго-Западный" суу топтомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштери жүргүзүлөрүн маалымдады. Чектөө саат 09:00дөн 24:00гө чейин киргизилет.
Таза суу өчө турган аймактар:
Жумушчулар шаарчасы (Рабочий городок);
Ак-Өргө конушу;
Ак-Ордо конушу (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы);
Теңир-Тоо конушу (Ахунбаев көчөсүнөн төмөн жагы);
Дыйканчылык институту.
Шаардагы Бакаев, Алтымышев, Гагарин, Алыкулов, Ахунбаев, 7-Апрель өңдүү бир катар ири көчөлөрдүн айрым бөлүктөрүндө суу болбойт.