Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары ак илбирске ат коюлду

Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары болуп бекиген ак илбирске Батай деген ысым ыйгарылды.
ДКОнун Эл аралык катчылыгынан билдиргендей, Ба — "барс" сөзүнөн кыскартылып, күч, эркиндик жана ички кубатты туюндурат. Ал эми тай — "таяныч" сөзүнөн кыскартылган. Бул ички өзөк, тең салмак жана тамыр деген сөздөр менен маанилеш.
"Батай ысымы эки күчтүү башатты бириктирет: күч жана таяныч", — дешти катчылыктан.
Ак илбирс Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары болуп бекиди