13-14-апрелде Бишкекте Алыш бел боо күрөшү боюнча чоңдор арасында Азия чемпионаты өтөт. Ага 15тей өлкөнүн спортчулары күч сынашып, килемге чыгат. Мелдештер олимпиадалык тартипте, Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун талаптары менен болот. Кыргызстандын курама командасы окуу-машыгуу жыйындарды Ысык-Көлдө өткөрүп, жогорку даярдыкты көрүүдө. Чемпионатка даярдык жана алыш күрөшүн өнүктүрүү боюнча Дүйнөлүк алыш бел боо федерациянын президенти Адилет Баяман уулу жана Дүйнөлүк алыш бел боо федерациянын башкы катчысы Шайырбек Сапарбаев айтып берди.