Борбордук шайлоо комиссиясы №19 Сокулук округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рамис Жунусалиевдин талапкерлигин жокко чыгарды. БШКдан билдиргендей, ал талапкерлигин жокко чыгаруу боюнча бүгүн арыз жазган.41 жаштагы Жунусалиев учурда тергөө абагында. Ал былтыр декабрь айында УКМК тарабынан алдамчылыкка шектелип кармалган. 2023-жылдын октябрь айынан бери Көк бөрү федерациясынын президенти болуп келген эле.Аталган округдан Жогорку Кеңештин депутаты Абдылдабек Эгембердиев 8-апрелде өз каалоосу менен мандатын тапшырып берди. Бош калган мандат 4 767 добуш менен үчүнчү катарда турган Рамис Жунусалиевге берилиши керек эле. Эми 4 746 добуш менен кийинки сапта турган Улан Сариев депутат болуп келиши мүмкүн.Сариев 2021-жылдан 2023-жылга чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп иштеген. 2023-жылы Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. Бирок шайлоо учурунда добуш сатып алууга шектелип, БШК анын каттоосун жокко чыгарган.
Кыргызстан жашылча-жемиштин айрым түрүн импорттоодо ЕЭКтен жеңилдик алды.ЕЭК кеңеши ЕАЭБ өлкөлөрүндө чекене соода үчүн айрым жашылчаларды импорттоого бажы төлөмдөрүнөн бошотуу түрүндө тарифтик жеңилдик берди.Анын алкагында Кыргызстанга жеңилдиктер каралды:картошка — 50 миң тоннага чейин;капуста жана брокколи — 500 тоннага чейин; бадыраң — 400 тоннага чейин; баклажан — 200 тоннага чейин; калемпир — 2 миң тоннага чейинпомидор — 5 миң тоннага чейин
Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов советтик жана россиялык инженерлердин, окумуштуулардын жана космонавттардын адамзаттын космоско чыгышына өбөлгө түзгөн зор эмгегин жогору баалады.Ал адамдын космоско биринчи учушунун 65 жылдыгына арналган Кыргыз-Россия Славян университетиндеги иш-чарада сүйлөдү. Вакунов 1961-жылдын 12-апрелинде Юрий Гагарин "Восток" кемеси менен 108 мүнөткө созулган тарыхый учуусун ишке ашырганын эске салды."Дал ошол мүнөттөрдө космос тармагынын кийинки ондогон жылдарга өнүгүү багыты аныкталган", — деп белгиледи ал. Элчи Космостук изилдөөлөр институтунун Атайын конструктордук бюросунун ардагерлерине өзүнчө ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, советтик жана россиялык спутниктердин дээрлик бардыгы алардын иштеп чыгуулары менен жабдылган. Ошондой эле Вакунов Кыргызстан менен Россиянын Баатыры Салижан Шариповду куттуктады. Ал окуучу кезиндеги космоско учуу кыялын ишке ашырган. Жалпысынан ал космосто 200 суткадан ашык убакыт өткөргөн.
Бишкек шаарында Балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин көп функционалдуу спорт комплекси ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, эки кабаттан турган имаратта машыгуу үчүн бардык шарттар каралган. Имараттын бекемдигин, энергияны үнөмдөөнү жана узак мөөнөттүү пайдаланууну камсыз кылуу максатында курулушта заманбап технологиялар колдонулду. Иш-чарада мэр Айбек Жунушалиев спорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.Бүгүнкү күндө Балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде футбол, волейбол, баскетбол, шайбалуу хоккей, гандбол жана бадминтон боюнча машыгуулар өтөт. 108 окуу-машыгуу топторунда 1600дөн ашык спортчу машыгат.