Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош шаарында 10 мектептин курулушуна старт берди. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев белгилегендей, курулушу башталып жаткан мектептер 500дөн 1200 орунга чейин ылайыкташтырылган.
2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары болуп бекиген ак илбирске Батай деген ысым ыйгарылды. ДКОнун Эл аралык катчылыгынан билдиргендей, Ба — "барс" сөзүнөн кыскартылып, күч, эркиндик жана ички кубатты туюндурат.Ал эми тай — "таяныч" сөзүнөн кыскартылган. Бул ички өзөк, тең салмак жана тамыр деген сөздөр менен маанилеш. "Батай ысымы эки күчтүү башатты бириктирет: күч жана таяныч", — дешти катчылыктан.
Бишкектеги Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен апасы менен кошо 6-кабаттан кулаган 5 жашар кыз комадан чыкты.Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, кыздын абалы туруктуу, адистердин көзөмөлүндө дарылануусун улантып жатат.Каргаша 4-апрель күнү кечинде болгон. 27 жаштагы келин 2025-жылы жана 2021-жылы туулган эки баласы менен терезеден кулап кеткени кабарланган. Эне менен 1 жашар ымыркайы набыт болуп, сөөгү 6-апрелде жерге берилди.Милиция окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси "Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" менен иш козгоп, маркумдун 34 жаштагы М.А. аттуу күйөөсү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Бишкек шаарынын мэри "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын айдоочулары менен жолугушуп, анда бир катар маселелер талкууланды. Мэриядан билдиришкендей, жолугушуунун алкагында калаа башчысы жол кыймылынын эрежелерин, ошондой эле коомдук транспорттун аялдамаларына карата белгиленген талаптарды так сактоо зарылдыгын эскертти. Муну менен катар жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна жана каттамдагы тартип маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Мэр жүргүнчүлөрдү аялдама пункттарында гана түшүрүү талаптарын колдой турганын айтты. Аны менен катар эрежелерди сактоо гана эмес, жүргүнчүлөргө түшүндүрүү да маанилүү экенин, ошондо коомдук транспортту колдонуу маданияты жана белгиленген нормаларга урматтоо калыптанарын белгиледи. Талкуунун жүрүшүндө айдоочулардын айлык акысын жогорулатуу жана накталай эмес төлөмгө өтүү маселелери да козголду. Учурда Бишкек шаарынын мэриясы жакын арада Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизиле турган долбоорду иштеп чыгууда. Бул долбоор коомдук транспортто жол кирени толугу менен накталай эмес төлөөгө өтүүнү, айдоочулардын айлыгын этап-этабы менен 30 пайызга жогорулатууну карайт.
Ирандын руханий лидери Можтаба Хаменеи Тегеран согуш учурунда АКШ Иранга келтирген зыяндын ордун толтуртуп ала тургандыктарын айткан. Бул туурасында РИА Новости жазды."Кенемте талап кылабыз жана шейит кеткен кандаштарыбыз үчүн кун алабыз", — деп Хаменеи элине жасаган кайрылуусунда айткан.Ал мурунку руханий лидер Али Хаменеинин жана курман болгон башка жарандардын кунун кууп, чечкиндүү түрдө өч алышарын баса белгилеген. Мындан сырткары, Тегеран Ормузду көзөмөлдөөнү уланта тургандыгын кошумчалаган."Ормуз кысыгын башкарууну сөзсүз жаңы деңгээлге чыгарабыз", — деген Можтаба Хаменеи. АКШ менен сүйлөшүүлөрдө Тегеран согуш чыгарууга умтулбастыгын, бирок өзүнүн укуктарынан баш тартпастыгын баса белгилеген. Ак үйдүн кожоюну Дональд Трамп 8-апрелге караган түнү Иран менен ок атышууну эки жумага токтотууну макулдашканын жар салган. Ирандын ТИМ башчысы Аббас Аракчи Ормуздун ачылгандыгын айткан.