Бишкек шаарында жылуулук тармактарынын эскириши олуттуу маселелердин бири бойдон калууда. Акыркы маалыматтарга ылайык, тармактардын 68,6 пайызы физикалык жактан эскирген. Бул көрсөткүч мурдагыга салыштырмалуу бир аз төмөндөгөнү менен, жалпы абал дагы эле тынчсызданууну жаратат. Ошол эле учурда жылытуу мезгили салыштырмалуу туруктуу өткөнү, авариялардын саны кыскарганы белгиленүүдө. Бирок узак мөөнөттүү келечекте инфраструктураны жаңылоо жана коопсуздукту камсыздоо маселеси актуалдуу бойдон калууда. «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасынын капиталдык курулуш бөлүмүнүн башчысы Улан Шаршеналиев менен түтүктөрдү алмаштыруу, авариялык тобокелчиликтерди азайтуу жаатында жасалып жаткан иштер тууралуу сүйлөштүк.