“Жыргалаң” курортун куруу үчүн жер тилкелерин сатуу боюнча аукциондун экинчи этабы өтүүдө. Бул тууралуу “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасынын кеңешчиси Аскат Чолпонбаев билдирди. Анын айтымында, аукциондун экинчи этабынын экинчи күнүндө, 9-апрелде жалпысынан 5 лот сатылды. “Аукциондо 4 жылдыздуу бир мейманкана, 2 жылдыздуу 3 мейманкана жана 36 бирдиктен турган скандинавиялык стилдеги үйлөрдүн жер тилкелери сатылды”, - деди ал. Аскат Чолпонбаев белгилегендей, аукцион бүгүн, 10-апрелде да уланат. Кошумчалай кетсек, 8-апрелдеги аукциондо жалпы 6 лот сатылган.
Эдил Байсалов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" кабарлады. Байсалов аталган кызматынан кеткени менен кайра эле Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалган. Тийиштүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койду. Эдил Байсалов өкмөттөгү кызматын 2021-жылдан бери аркалап келген.
Альпинист Эдуард Кубатов Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. 54 жаштагы Кубатов 2021-жылы Жер шарынын эң бийик чокусу Эверестти, былтыр дүйнөдөгү эң татаал делген К2 чокусун кычкылтек жабдуусун колдонбой багындырган. Ал буга чейин Альпинизм федерациясын жетектеп келген. Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын март айынын аягында өлкө башчы Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде жаңы мамлекеттик орган — Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик түптөлгөн. Бул агенттик мурдагы Туризм департаментинин негизинде түзүлгөн.
Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында Мээрим Жуманазарова алтын тагынса, Айпери Медет кызына күмүш медаль буюрду. Мээрим Жуманазарова 68 салмак ченинде япониялык Мива Морикава менен килемге чыгып, 2:1 эсебинде жеңишке жетти. Ал буга чейин кытайлык атаандашын жеңип финалга жолдомо алган. Ал эми Айпери Медет кызы монголиялык Даваанасан Энкх Амар менен килемге чыккан. Бирок балбан кыз беттештин акыркы секунддарында жеңишти атаандашына алдырып, 4:2 эсебинде жеңилди.Эскерте кетсек, Айпери Медет кызы 1/4 финалда кытайлык Вэньцзи Лини 6:6 эсебинде утуп, жарым финалда тайбейлик спортчу Хуэй Чангды 11:0 эсебинде жеңип алган.
РФ лидери Владимир Путин Пасханын урматына коргонуу министри Андрей Белоусов менен Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовго атайын операциянын бардык багытындагы согушту токтотууга буйрук берди. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Жакында болчу православдардын Пасхасына байланыштуу 11-апрель саат 16:00дөн 12-апрелдин аягына чейин элдешүү жарыяланмакчы", — деп Кремлден билдиришти.Москва Киев дагы өзүндөй кадам таштайт деген ишенимде. Ошол эле учурда аскерлерге каршы тараптан болуп кетиши ыктымал чагымдарды токтотууга даяр болуу тапшырылды.Буга чейин Владимир Зеленский АКШ менен Ирандын ортосундагы согушту токтотуунун алкагында Россияга тынчтык келишими боюнча кайрылган."Украина бул сыяктуу кадамдарга даяр экенин бир нече ирет билдирген. Быйыл Пасха майрамынын учурунда ок атууну токтотууну сунуштаганбыз жана ошого жараша иш кылабыз", — деп Зеленский Telegram каналына жазган.Кремлден анын жоопкерчиликти өзүнө алып, убактылуу элдешүү эмес, тынчтык келишимин түзүшү керектигин билдиришти.