Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Президенттин тапшырмасы менен өлкө боюнча 200 ири долбоор тандалып жатат. Бул тууралуу өлкө башчынын өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтымында, ири долбоорлор ар бир райондон алынат. "Тандагандан кийин инвестор тартып, көрсөтөбүз. 2030-жылга карата өлкөнүн ИДПсы 30 миллиард доллар болушу керек. Президент дүйнөнүн өнүккөн 30 мамлекетинин катарына кирүү тапшырмасын койгон. Бул долбоорлор Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө түрткү болот", — деди Төрөбаев. Белгилей кетсек, Бакыт Төрөбаев Ош шаарында акимдер, эконимика адистери жана ишкерлер менен жыйын өткөрдү. Анда ишкерлер сунуштаган долбоорлор талкууланды.
Кыргызстан менен Казакстан өкмөттөрүнүн ортосундагы чек ара пунктулары тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча протокол ратификацияланып, ага президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан бидиришти. Документке ылайык, "Камышановка – автожол" өткөрүү пунктунун аталышы "Төмөнкү Чүй – автожол" деп өзгөртүлүп, эл аралык макамда болот да, мындан ары күнү-түнү иштөөгө өтөт. Ошондой эле "Кичи-Капка – автожол" өткөрүү пунктунун статусу эки тараптуудан эл аралыкка өзгөртүлөт. Бул өзгөртүүлөрдү кабыл алуу кыргыз-казак чек арасынан өткөндөр үчүн ыңгайлуу шарт түзүү, анын ичинде жүк жана жүргүнчүлөр агымын көбөйтүүгө, туристтерди тартуу жана инфраструктураны жакшыртууга багытталган.
Бишкекте жаңы салынып жаткан "Ош" базарына алып барган альтернативдүү жол курулууда. Вице-мэр Рамиз Алиевдин айтымында, бул жол батыш тараптан келгендер үчүн ыңгайлуу болуп, айланма жол аркылуу түз эле базарга жетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Шаар мэри Айбек Жунушалиев жергиликтүү тургундар менен жолугушууда жол салынуучу жер тилкелери үчүн компенсация катары башка участоктор берилерин билдирди. "Бул — мамлекеттик маанидеги жол. Мыйзамда жер тилкелерин мамлекеттик муктаждык үчүн алуу түшүнүгү бар, бирок азыр жер алмаштыруу сунушталып жатат. Биз элдин мыйзамдуу укугун коргоого даярбыз", — деди калаа башчы.
Жаныбарларга келтирилген зыян үчүн айып пулдун өлчөмү жогорулатылды. Экология министрлиги билдиргендей, тиешелүү токтомго минкаб башчысы кол койгон. Ага ылайык, тоо текени аткандарга 300 миң, ал эми элик үчүн 100 миң сом айып салынат. Илегилектерге зыян келтиргендерге 30 миң сом айып каралаган. Айып пулдардын бир бөлүгү мыйзам бузулганын аныктоого көмөктөшкөн адамдарды сыйлоого жумшалат.
Бишкекте жекшемби күнү, 12-апрелде, айрым көчөлөрдө убактылуу чектөө киргизилет. Калаа мэриясы билдиргендей, Bakai Jaz Demi жарым марафонуна байланыштуу саат 05:00дөн 13:00гө чейин Жайыл баатыр (Алыкуловдон Садырбаевге чейин) жана Абсамат Масалиев көчөсүнүн (Садырбаевден Бакаевге чейин) бир тарабы жабылат. "Жаз деми" жазгы жарышына 25тен ашык өлкөдөн 4500гө жакын адам катышып, 5, 10, жана 21,1 чакырым аралыктарга чуркашат.