Бишкекте жаңы "Ош" базарына кетчү кошумча жол курулууда. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Бишкекте жаңы салынып жаткан "Ош" базарына алып барган альтернативдүү жол курулууда.
Вице-мэр Рамиз Алиевдин айтымында, бул жол батыш тараптан келгендер үчүн ыңгайлуу болуп, айланма жол аркылуу түз эле базарга жетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Шаар мэри Айбек Жунушалиев жергиликтүү тургундар менен жолугушууда жол салынуучу жер тилкелери үчүн компенсация катары башка участоктор берилерин билдирди.
"Бул — мамлекеттик маанидеги жол. Мыйзамда жер тилкелерин мамлекеттик муктаждык үчүн алуу түшүнүгү бар, бирок азыр жер алмаштыруу сунушталып жатат. Биз элдин мыйзамдуу укугун коргоого даярбыз", — деди калаа башчы.
"Манас" аэропортуна кетчү жаңы жол салынат. Схема