Бишкекте көрүстөндөргө камера орнотулат

Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Бишкектеги мүрзөлөргө видеокамераларды орнотуу пландалууда. Бул тууралуу Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин жетекчиси Кубат Курамаев шаардык кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, видеокамераларды орнотуу иштери ушул жылы башталат.
"Камераларды быйыл сатып ала баштайбыз. Жакында тендер жарыяланат", — деди Курамаев.
Ишкананын пландарында экскаватор, самосвал жана суу ташуучу унаа сатып алуу каралган.
Ошондой эле агенттик көрүстөн үчүн жер тилкелерине уруксат сурап жатат.
“Тирүүлөрдү да ойлойлу”. Бишкек мэри көрүстөндү көчүрүү тууралуу