БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында Мээрим Жуманазарова алтын тагынса, Айпери Медет кызына күмүш медаль буюрду.
Мээрим Жуманазарова 68 салмак ченинде япониялык Мива Морикава менен килемге чыгып, 2:1 эсебинде жеңишке жетти. Ал буга чейин кытайлык атаандашын жеңип финалга жолдомо алган.
Ал эми Айпери Медет кызы монголиялык Даваанасан Энкх Амар менен килемге чыккан. Бирок балбан кыз беттештин акыркы секунддарында жеңишти атаандашына алдырып, 4:2 эсебинде жеңилди.
Эскерте кетсек, Айпери Медет кызы 1/4 финалда кытайлык Вэньцзи Лини 6:6 эсебинде утуп, жарым финалда тайбейлик спортчу Хуэй Чангды 11:0 эсебинде жеңип алган.