БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Израилдин Ливанга жасаган чабуулунан 250 адам каза тапты. Бул туурасында РИА Новости Al-Jazeera телеканалына таянып билдирди.
Мындан сырткары, 1,1 миңге чукул киши жарадар болгон.
Мурдараак Ливандын Саламаттык сактоо министрлиги Израиль соккусунун курмандыктары 112ге адамга жетип, 837 киши жаракат алганын билдирген эле.
"Ливандын жарандык коргонуусунун маалыматына караганда, чабуулдан кеминде 254 адам көз жуумп, 1165 киши жарадар болду", — деп айтылат маалыматта.
Шаршемби күнү Израилдин авиациясы Бейруттун борбордук төрт районун: Мазраа, Манар, Эйн эль-Мрейсе жана Барбурду аткылаган. Мындан сырткары, шаарга жакын сегиз аймакка чабуул жасалган. Мазраа районундагы аткылоолордун бирине РИА Новостинин кабарчысы да кабылган.
"Хезболла" кыймылы Израилдин жай тургундардын өмүрүн алган бул кол салуусуна жооп бере тургандыгын айтты.
Ливан бийлиги атуулдарынын каза тапкандыгына байланыштуу 9-апрелди улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.