Бишкекте автобус айдоочулары тартыш болуп жатат

Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Бишкекте коомдук транспортко 500-600дөй айдоочу жетишпей жатат. Бул тууралуу "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы кабарлады.
Маалыматка караганда, учурда линияга 2600 айдоочу чыгууда. Ишкана быйыл тарифтик чендер көтөрүлгөнүн белгиледи.
"2023-жылга чейин айдоочулардын тарифтик чени 51 сом болчу, андан кийин 102ге чейин көтөрүлдү. Ушул апрелден тарта дагы көбөйүп, айлык өсөт", — дешти ведомстводон.
Тарифтик чен — бул, мисалы, бир сааттык иш үчүн белгиленген туруктуу акы, анын негизинде айлык эсептелет.
Бишкектеги автобустардын каттамы жайга барып өзгөрөт. Түшүндүрмө