БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Балыкчы нотариалдык округунун жеке нотариусу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Ага ылайык, 43 жаштагы К.Ж. кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатуу келишимин жасалмалаган деп шектелүүдө.
"Адис мүлк ээсинин кол тамгасын жасалмалап, ага билгизбей келишим түзгөн. Нотариустун мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында жабырлануучу мүлккө болгон менчик укугунан мыйзамсыз ажыратылган", — деп айтылат маалыматта.
Иликтөө уланууда.