АКШ Жакынкы Чыгышка жоокер жөнөтүүнү улантып жатканы айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Америка Кошмо Штаттары Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы атышууну токтотуу жөнүндөгү макулдашууга карабай Жакынкы Чыгышка аскер жөнөтүүнү токтоткон жок. Бул тууралуу Рейтер агенттигине таянуу менен РИА Новости жазды.
Белгилей кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп 8-апрелге караган түнү Иран менен атышууну эки жумага чейин токтотууну макулдашканын билдирген. Кийинчерээк Иран ТИМинин жетекчиси Аббас Аракчи Ормуз кысыгы ачылганын кабарлаган.
"Жакынкы Чыгышта 50 миңден ашуун америкалык аскер кызматкери жүрөт, АКШ алардын санын көбөйтүүдө. Регионго Сан-Диегодон миңдеген жоокер жөнөтүлүп жатканын Американын кырдаалдан кабары бар адамдары айткан", — деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Politico Сан-Диегодогу базадан Жакынкы Чыгышка 2 000дей аскер жөнөтүлгөнүн билдирген. Бир топ адис муну Ирандын Харк аралын басып алууга даярдык катары кабылдаган. Арал Ирандын мунай инфраструктурасы жайгашкан Перс булуңундагы деңиз хабы болуп саналат.
Захарова: Иранга ыксыз кол салуу максатына жеткен жок