Вэнс: АКШ сүйлөшүүдө Ирандан өзөктүк куралдан баш тартышын талап кылат

Ак үйдүн маалымат катчысы Каролин Левитт сүйлөшүүлөр Пакистанда 11-апрелге пландалып жатканын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. АКШ Ирандан өзөктүк материалдарды тапшырып берүүнү талап кылат. Бул туурасында Иран боюнча Пакистанда өтчү сүйлөшүүдө америкалык делегацияны жетектеп бара турган Кошмо Штаттардын вице-президенти Жей Ди Вэнс айтканын РИА Новости жазды.
"Президент эмне деди: Ирандын өзөктүк курал жасаганын каалабайбыз. Уранын бизге өткөрүп бериши керек. Муну сүйлөшүүлөрдө да талап кылабыз", — деген Вэнс.
Ал Ирандын өзөктүк куралдардан баш тартышы АКШнын аларга карата санкцияларын жумшартат деген оюн билдирген.
"Президент ( Дональд Трамп - ред.) санкцияларды азайтуу, экономикалык кызматташуу жана дагы ушул сындуу маселелер туурасында айтты. Эгерде Иран өзөктүк куралды иштеп чыгуу сыяктуу кадамдарын токтотом деп бекем убада берсе, булар ишке ашат", — деген вице-президент.
Ал, мындан сырткары, төмөнкүлөргө токтолду:
Ормуз кысыгы аркылуу кемелер эркин өтпөсө АКШ Иран менен түзүлгөн келишимдин шарттарын аткарбайт;
Иранды сүйлөшүүлөргө олуттуу мамиле жасоого чакырам. Алардан бул кадамга бара турган ынтаасын көрүп жатабыз. Анткен менен айрым сес көрсөтүүлөр да байкалууда, бирок жалпысынан биздин позициябыз жакшы;
Ливан туурасында: мен муну чынында эле өз ара түшүнбөстүк деп эсептейм. Бирок биз да, израилдиктер да бул (Ливан – ред.) атышууну токтотуу келишиминин бир бөлүгү болот деп билдирген эмеспиз;
Израиль Вашингтон менен Тегерандын макулдашып кепке келиши үчүн Ливанга сокку урууну чектеп турууга макулдугун берди.
Ак үйдүн маалымат катчысы Каролин Левитт АКШнын сүйлөшүү жүргүзчү командасы Пакистанга 11-апрелге чейин барарын билдирди.
Эске салсак, Иран ТИМинин өкүлү Исмаил Багаи Израилдин Ливанга кечээки кол салуусу Вашингтон менен Тегерандын кепке келген макулдашуусун бузгандык болуп саналарын айткан.
Трамп 8-апрелге караган түнү Иран менен согуш эки аптага токтотуларын жар салган. Иран ТИМ башчысы Аббас Аракчи андан көп өтпөй эле Ормуз кысыгын ача тургандыктарын билдирген.
АКШ Жакынкы Чыгышка жоокер жөнөтүүнү улантып жатканы айтылды