БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. "Кыргыз алтын" үч жыл ичинде бир миллиард долларлык долбоорду ишке ашырууну пландоодо. Маалымат министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Кыргыз алтын" ишканасына барганда айтылды.
"2025-жылдын жыйынтыгы боюнча компания финансылык көрсөткүчү боюнча рекорд койгон, тагыраагы, 18,7 миллиард сом таза пайда тапкан. Жалпы кирешеси 20,7 миллиард сомду түздү. Жакынкы үч жылдын ичинде жалпы суммасы 1 миллиард доллардан ашкан стратегиялык маанидеги бир катар долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатат", — деп жазылат өкмөттүн тараткан кабарында.
Алардын катарында Үңкүр-Таш, Тоголок, Чакуш, Талды-Булак жана Андаш кендерин өздөштүрүү долбоорлору бар экени айтылды. Мындан тышкары, компания Кумтөр кенинин калдыктарын кайра иштетүү боюнча иштерди активдүү жүргүзүүдө.
Касымалиев ошондой эле тоо-кен тармагындагы жогорку жана атайын орто окуу жайлар менен тыгыз кызматташып, аларды ишке тартуу керектигин, айрыкча, жергиликтүү калктын балдарын окутуу зарылдыгын айтты.